Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Үстүбүздөгү жылдын 22-ноябрь күнү Баткен облусунда Куран жаттоону жайылтуу жана карыларды урматтоо максатында ири диний иш-чара болуп өттү. Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү жана Баткен шаар-райондук хатибиятынын уюштуруусу менен Жылдызбек Бакир уулунун демөөрчүлүгү алдында облустук деңгээлдеги “Куран нуру” аттуу Куран жарышы Баткен шаарынын “Өсөр ата” борбордук мечитинде өткөрүлдү.
Иш-чаранын максаты — Куранды жаттаган карыларды шыктандыруу жана урматтоо, жаштарды ыйманга, адептүүлүккө үндөө, ошондой эле коомдо Куран жаттоону жайылтуу болду. Сынактын жалпы байге фонду 200 000 сомду түздү.
Жарыш 10, 20 жана 30 пара боюнча үч категорияда өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды:
30 пара боюнча жеңүүчүлөр:
1. Салиев Сражидин – Ардак грамота, 1-орун, 40 000 сом
2. Тойчу уулу Хамза – Ардак грамота, 2-орун, 30 000 сом
3. Алимжанов Салман – Ардак грамота, 3-орун, 20 000 сом
20 пара боюнча жеңүүчүлөр:
1. Кожоев Осмонали – Ардак грамота, 1-орун, 25 000 сом
2. Маматов Чыңгыз – Ардак грамота, 2-орун, 15 000 сом
3. Курбанов Дөөлатбек – Ардак грамота, 3-орун, 10 000 сом
10 пара боюнча жеңүүчүлөр:
1. Кудайбердиев Абдурахим – Ардак грамота, 1-орун, 25 000 сом
2. Рахимов Абдушүкүр – Ардак грамота, 2-орун, 15 000 сом
3. Үсөнов Умар – Ардак грамота, 3-орун, 10 000 сом
Куран жарышы Баткен облусундагы Куран жаттоочуларды шыктандырып, жаштар арасында Куранга болгон сүйүүнү күчөтүүгө чоң салым кошорун өкүлчүлүктөн билдиришти.