Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Үстүбүздөгү жылдын 24-июль күнү Бишкек шаарынын мусулмандарынын казыятында борбор шаардагы каарылар арасында Куранды толук 30 парасын тажвид эрежеси менен так, толук, кооз жаттаган карыларды тандап алуу этабы өткөрүлдү.
Куран жарышында комиссиянын курамында Анарбай кары Курбанбеков, Абдулла кары Акпарали уулу, Эрмат ажы Дарвешов жана казыят кызматкери Куштарбек ажы Маматов болуп, катышуучулардын эң мыктыларын тандап алышты.
Жыйынтыгында 1-орунду Оятулло Умаров 98 балл менен багындырса, ал эми Өмүрбек Акылбек уулу 95 балл менен 2-орунду алуу менен 7-августта боло турган республикалык тандоо жарышына жолдомо алышты. Республикалык тандоо жарышында 1-орун ээлеген кары Казакстанда өтө турган эл аралык Куран жарышына жолдомо алмакчы.