«Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү тозок отунан сактагыла» (Тахрим сүрөсү, 6-аят)
Рамазан айынын урматына Бишкек шаарынын Биринчи май райондук хатибияты «Ыйман» мечити менен биргеликте кайрымдуулук иш-чарасын өткөрдү. Аталган иш-чаранын алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын ооз ачар дасторкону жайылды.
Иш-чара мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга моралдык жана руханий колдоо көрсөтүү, орозо айында коомдун бардык катмарларынын ортосунда ынтымактуулукту бекемдөө, муктаж болгон инсандарга кубаныч тартуулоо жана соопчулук иштерин жандандыруу максатында уюштурулду.
Иш-чарага Биринчи май районунун баш имам-хатиби Жоробай ажы Шергазиев, «Ыйман» мечитинин имам-хатиби Ниматулла ажы Рыскулов, көзү азиздер жана дүлөйлөр коомунун жетекчиси Жапаров Канатбек Рахатбекович район аймагындагы жана Сокулук районунан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген тургундар катышты.
«Рамазан — бул боорукердиктин жана бири-бирибизге көңүл буруунун айы. Бүгүнкү ооз ачардын максаты биздин азиз бир туугандарыбыз өзүн жалгыз сезбеши жана коомдун ажырагыс бөлүгү экенин билиши үчүн өткөрүлүп жатат», — деп белгилешти уюштуруучулар.
Сокулук районунан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген арабада отурган бир туугандарга келип-кетүү каражаттары толук уюштуруучулар тарабынан камсыздалды.
Ифтар кечесинин жүрүшүндө келген конокторго диний насааттар айтылып, жакшы тилектер менен баталар берилди. Мындан сырткары, катышуучулар үчүн атайын сый тамак берилип, жылуу маанайда баарлашуу болду. Ошондой эле катышуучулар уюштуруучуларга ыраазычылктарын айтышты.
Айта кетсек, бул иш-чара үч жылдан бери өткөрүлүп келүүдө.