«Орозо кармагыла да, (жан дүйнөңөрдү да, ден-соолугуңарды да) чыңдагыла! (Хайсами 3/179)
Регионы | 12.03.2025
  • |

Бөкөнбаевде суициддин алдын алуу жана тарбия маселелери боюнча жыйын өттү

Бүгүн, 12-март күнү Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы акимиятта жергиликтүү тургундар жана мугалимдер үчүн жыйын өттү. Иш-чарада мыйзамдарды түшүндүрүү, суициддин алдын алуу, зордук-зомбулук жана ата-энелердин бала тарбиялоодогу жоопкерчилиги тууралуу кеңири маалымат берилди.

Жыйында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Ысык-Көл облусундагы өкүлү Асылбек Мамбетов, ИИМдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын башчысы, милициянын полковниги Нурлан Килебаев жана Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев лекция окушту.

Иш-чара Ысык-Көл облусунун казыяты, КР ДИМКтин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү жана Ысык-Көл ОИИБ менен биргеликте уюштурулду.