Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Регионы | 11.08.2025
  • |

«Эрдем» мечитинде муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына мектеп куралдары жана акчалай жардам берилди

Бүгүн, 11-август күнү Ош шаарындагы «Эрдем» мечитинде жаңы окуу жылына карата муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына колдоо көрсөтүү максатында мектеп куралдары жана формаларын сатып алуу үчүн 5000 (беш миң) сомдон акчалай жардам берилди.

Иш-чарага Ош шардык мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев, орун басары Акжол ажы Бакиров, мечитти имам-хатиби Мунарбек ажы Акматов, кайрымдуу жарандар жана «Эрдем» мечитинин жамааты катышты.

Саамалыкта шаар казысы Самидин кары Атабаев билим берүү тармагына өзгөчө көңүл буруу зарыл экенин баса белгиледи.

«Курандын эң алгачкы буйругу – оку! Биз илим, билим алуу менен Кудайдын эң алгачкы буйругун аткарып жаткан болобуз. Мына ошондой учурда муктаждарга салым кошомун деп атын атагысы келбеген кайрымдуу жараныбыз билим берүүгө салым кошту. Илимге, билимге салым кошуу чыныгы эркти талап кылат», – деди шаар казысы.

Иш-чара соңунда мечит имам-хатиби Мунарбек ажы Акматов демөөрчүгө ыраазычылык билдирип, мындан ары да кайрымдуу иштер уланарын белгиледи.