«Силердин эң жакшыларыңар – үй-бүлөсүнө эң жакшы мамиле кылгандарыңар» (Тирмизи)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Эрик ажы Молдокулов Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Канатбек Шеров менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө район аймагындагы диний абал жана диний мекемелердин ишмердүүлүгү талкууланды. Эрик ажы Молдокулов КМДБнын Азирети муфтийи Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасына ылайык Нарын облусунан Жалал-Абад облусуна ротация жолу менен келгендигин билдирди.
Ошондой эле ал район аймагындагы мечиттердин ишмердүүлүгүн жандандыруу, диний билим берүүчү медреселердин жана окуу борборлорунун ишин мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүү, алардын ишин көзөмөлдөө, Кыргыз Республикасынын Президентинин диний багыттагы Жарлыктарын ишке ашыруу жана калктын диний сабаттуулугун жогорулатуу багытында биргелешкен ири иш-чараларды өткөрүү боюнча сунуш-пикирлерин билдирди.
Өз кезегинде Канатбек Шеров райондук хатибият менен буга чейин да тыгыз кызматташып келгенин белгилеп, алдыда да диний багыттагы кызматташтык мындан ары улантыларын айтты. Ошондой эле ал өкүлдүн алдыдагы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.
Жолугушуудан соң Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында диний экстремизм жана терроризмдин алдын алуу маселелерине арналган биргелешкен жыйын болуп өттү.
Жыйынга Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Эрик ажы Молдокулов, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Канатбек Шеров, атайын кызматтын райондогу өкүлү Өмүрбек Жумабаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, облус аймагындагы район жана шаарлардын баш имам-хатибтери, ошондой эле район аймагындагы мечит имамдары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө коопсуздук кызматы тарабынан район аймагында диний экстремизм жана терроризмдин алдын алуу багытындагы түшүндүрүү иштерин күчөтүү, тиешелүү мекемелер менен тыгыз кызматташтыкты камсыз кылуу зарылдыгы белгиленди.
Өз сөзүндө Эрик ажы Молдокулов Улуттук коопсуздук органдары тарабынан Ноокен районунда «Хизбут-Тахрир аль-Ислами» аталышындагы диний-экстремисттик уюмдун ячейкасынын аялдар канатынын мүчөлөрү кармалгандыгы кооптондуруучу жагдай экенин билдирди. Ал бул окуя диний кызматкерлерге экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча калк арасында туура түшүндүрүү иштерин дагы да тереңдетүү милдетин жүктөй турганын баса белгиледи.
Мындан тышкары, ал диний билим алууну каалаган жарандарды Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан каттоодон өткөн мыйзамдуу медреселерден, диний окуу борборлорунан жана атайын буйрук менен бекитилген мечит имамдарынан гана билим алууга чакырды.