«Жакшылык – жүрөгүң тынчтык тапкан нерсе, жамандык – жүрөгүң тынчсызданган нерсе» (Муслим)
Азирети Муфтийдин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Эрик ажы Молдокулов Манас шаарындагы жума мечиттеринде болуп, жамаат менен жолугушууларды өткөрдү. Анын жүрүшүндө Азирети Муфтийдин саламын жана куттуктоосун жеткирип, ыйык айдын пазилети, ибадаттын сообу жана ынтымактын мааниси тууралуу насаат айтты.
Облустук өкүл жамаатты сабырдуулукка, биримдикке жана адеп-ахлак баалуулуктарын бекем сактоого чакырып, мечиттердеги тартипти сактоо ар бир мусулмандын жоопкерчилиги экенин белгиледи. Ошондой эле коомдо тынчтыкты жана өз ара сый-урматты чыңдоо маанилүү экенине токтолду.
Жолугушуулардын алкагында Эрик ажы Молдокулов жамаат менен бирге таравих намазын окуп, өлкөдө тынчтык, эл-журтка аманчылык жана береке болушун тилеп дуба кылды.