«Орозо кармоочунун оозунан чыккан жагымсыз жыт, Аллах Тааланын астында жыпар жыттуу атырдан да жагымдуу болот. Кыямат күнү ага эсепсиз сооптор берилет» (хадис).
Регионы | 25.02.2026
  • |

Кадамжай: Азирети Муфтийдин Баткен облусундагы өкүлү дин кызматкерлерине кеңейтилген жыйын өткөрдү

Азирети Муфтийдин Баткен облусундагы өкүлү Муратали кары Мамадияр уулу Кадамжай районундагы дин кызматкерлери менен кеңейтилген жыйын өткөрдү. Жыйын райондогу диний абалды талкуулоо, имамдардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана берилген тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөө максатында уюштурулду.

Иш-чарага Улуттук агенттиктин Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов, өкүлдүн орун басарынын м.а. Муса ажы Жолдошов, КМДБнын Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлеринин милдетин аткаруучулар, Кадамжай районунун баш имам-хатибинин м.а. Абдумиталип ажы Усманов, район аймагындагы диний окуу жайлардын өкүлдөрү жана мечит имамдары катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Муратали кары дин кызматкерлерин өз милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырып, имамдык кызмат чоң аманат экенин белгиледи. Ал имамдык милдет мечитте гана намазга имамдык кылуу менен чектелбестен, эл аралап түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жаштар менен активдүү иш алып баруу, коомчулукту ынтымакка жана туура жолго чакыруу экендигин баса белгиледи.

Ошондой эле жыйында өкүлдүн орун басарынын м.а. Муса ажы Жолдошов сөз сүйлөп, борбордон жана облустук казыяттан келген акыркы тапшырмалардын өз убагында жана так аткарылышы керектигин белгиледи. Ал дин кызматкерлерин тартипти бекем сактоого, отчёттуулук иштерин убагында тапшырууга жана жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалыматтарды так берүүгө чакырды.

Жыйындын алкагында мечиттердеги тартип, диний иш-чараларды уюштуруу, жаш өспүрүмдөр менен профилактикалык иштерди жүргүзүү, мыйзам талаптарын сактоо жана коомчулук менен тыгыз байланышта иш алып баруу маселелери талкууланды. Акырында Азирети Муфтийдин облус өкүлүнө жаңы кызматына ийгилик каалап бата кылышты.