Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Баткен облусунун Кадамжай районунда диний кызматкерлер менен жыйын өтүп, шайлоо процессинде мыйзамдуулукту сактоо жана коомдук ынтымакты камсыз кылуу маселелери талкууланды.
Жыйынга Кадамжай районунун баш имам-хатиби А.Усманов, райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары М.Айтматов, БШКнын Кадамжай району жана Кызыл-Кыя шаары боюнча өкүлү А.Адилов, ошондой эле Президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча коомдук кабылдаманын жооптуу катчысы А.Момунов катышты.
Иш-чаранын алкагында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамы боюнча маалымат берилип, диний кызматкерлерге үгүт иштерине катышууга, мечиттерде жана медреселерде үгүт жүргүзүүгө тыюу салынары белгиленди.
Ошондой эле Баткен облустук казыяты шайлоо үгүтчүлөрүн, шайлоого байланыштуу үгүт жыйындарын диний объектилерде өткөрбөөгө чакырат. Ошону менен катар эле имамдарга шайлоо маалында бейтараптуулукту сактоо, коомдук туруктуулукту жана мыйзамдуулукту бекемдөө зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.