Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Регионы | 11.08.2025
  • |

Кадамжайда Куран жаттаган жаш карылар арасында сынак өттү

Кечээ, 10-август күнү Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарында Куран жаттоо боюнча чоң сынак болуп, район аймагындагы мыкты жаш карылар аныкталды. Иш-чара Кадамжай районунун баш имам-хатиби Абдимуталип ажы Усманов жана Москва шаарында эмгектенген мекендештердин “Кадамжай” коому тарабынан уюштурулду.

Сынакка Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров, белгилүү дин аалымы молдо Ахунжан устаз Курбанов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана район тургундары катышты. Жарыш 1 пара, 10 пара жана 30 пара Куран жаттаган жаштар арасында өткөрүлүп, катышуучулар өздөрүнүн билими жана тажрыйбасын көрсөтүштү.

Облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров сөз сүйлөп, мындай иш-чаралар район аймагындагы жаш кариелерди аныктап, аларды облустук жана республикалык деңгээлдеги сынактарга даярдоого жардам берерин белгиледи:

«Бул сыяктуу жарыштар Куранды сүйгөн жаштарыбыздын руханий өнүгүүсүнө, билим деңгээлин жогорулатууга жана ынтымакты бекемдөөгө чоң салым кошот. Биз демөөрчүлөргө жана уюштуруучуларга терең ыраазыбыз», — деди облус казысы.

Ал эми көптөгөн дин кызматкерлеринин устазы молдо Ахунжан дамыла Курбанов “Кадамжай” коомунун демөөрчүлүк колдоосуна ыраазычылыгын билдирип, ийгилик жана береке каалап батасын берди.

Жеңүүчүлөр жана сыйлыктар

1 пара боюнча:

1-орун – Абдымомунов Умар (14 жаш) – 8 миң сом;

2-орун – Аманов Нурислам (14 жаш) – 6 миң сом;

3-орун – Эгембердиев Имрон (12 жаш) – 3 миң сом.

10 пара боюнча:

1-орун – Сабиров Исхак (18 жаш) – 10 миң сом;

2-орун – Үсөнов Умар (15 жаш) – 8 миң сом;

3-орун – Малаев Ражапали (17 жаш) – 4 миң сом.


30 пара боюнча:

1-орун – Имарали уулу Мухаммедшариф – 15 миң сом;

2-орун – Алимжанов Салман – 10 миң сом;

3-орун – Самиев Сиражидин – 10 миң сом.

Сынак соңунда катышуучуларга жана конокторго белектер тапшырылып, уюштуруучулар мындан ары да мындай иш-чараларды өткөрүп турууну убадалады.