Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Регионы | 19.03.2025
  • |

Кара-Балта шаарында «Бир имамдан бир көчөт» аттуу көрктөндүрүү иш-чарасы уюштурулду

Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллаху алейхи ва саллам) айлана-чөйрөнү жашылдандыруу, дарак отургузуу боюнча осуяттарын аткаруу жана Президентибиздин «Жашыл мурас» аттуу жарлыгын ишке ашыруу максатында Жайыл районунун хатибияты жана имамдар тарабынан Кара-Балта шаарында «Бир имамдан бир көчөт» аттуу иш-чара болуп өттү. Аталган иш-чарада чет мамлекеттен алып келинген «Колоновидный туя» көчөттөрү отургузулду.

Бул иш-чара Кара-Балта шаарынын мэриясы менен макулдашылып, шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында уюштурулду. Анын жүрүшүндө 8-март көчөсүнө 35 түп, Калкты тейлөө борборунун (ЦОН) алдына 13 түп, жалпысы 48 түп «колоновидный туя» көчөттөрү отургузулду.

Мындай иш-чаралар Кара-Балта шаарынын экологиялык абалын жакшыртууга жана жашоочулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт.