«Силердин жакшыраагыңар Куранды өзү үйрөнүп, аны башкаларга үйрөткөндөр» (хадис)
Регионы | 29.01.2026
  • |

Кара-Көл шаарында кайрымдуулук акциясы өткөрүлдү

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында шаардык хатибияттын демилгеси менен муктаж жарандарга багытталган кайрымдуулук акциясы өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында жалпы суммасы 170 миң сомду түзгөн азык-түлүк жардамдары шаардагы 40 үй-бүлөгө таркатылып берилди.

Жардам алган үй-бүлөлөрдүн арасында социалдык жактан аяр катмарга кирген жарандар, анын ичинде майыптыгы барлар да бар. Бул кайрымдуулук иш-чарасы коомдогу ынтымакты бекемдөөгө жана муктаж жарандарга колдоо көрсөтүүгө багытталды.

Кара-Көл шаарынын баш имам-хатиби Санжар ажы Керимкулов шаардык хатибият мындай саамалыктарды мындан ары да улантып, элдин биримдигин чыңдоого салым кошо берерин билдирди. Ошондой эле аталган иш-чарага ар тараптуу колдоо көрсөткөн берешен инсандарга хатибияттын атынан ыраазычылык билдирди.