Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Регионы | 13.09.2025
  • |

Кара-Кулжада имамдар арасында волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев райондогу 7 айыл өкмөттүн имамдары арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылганын билдирди.

"Спорттук мелдештер байма-бай өткөрүп туруу аркылуу имамдарыбыздын ден-соолугуна кам көрүү жана араларында ынтымакты бекемдөө максатындабыз. Бул иш-чаралар буйруса облустук деңгээлде имамдар арасында өтүлүүчү спорттук мелдешке даярдык көрүү десек да болот"- деди баш имам-хатиб Дастан ажы Мамаев.

Айта кетсек, Ош облустук казыятынын 2025-жылдагы иш-мерчемине ылайык, райондордогу имамдар арасында спорттук мелдештер өткөрүлүп, мыктылары облустук деңгээлдеги финалдык беттешке катыша турган болгон. Ага карата райондордо имамдар арасында спорттук мелдештер өткөрүлүп келүүдө.