Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Регионы | 29.09.2025
  • |

Кара-Сууда экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча жыйын өткөрүлдү

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Исак ажы Юнусов райондогу жалпы имамдарга жана жергиликтүү тургундарга экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча жыйын өткөрдү. 

Жыйында "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү" мыйзам боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жөнүндө да сөз болуп, мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды сактоо керектиги айтылып, талаптар сакталбаган учурда айып пул салына тургандыгы эскерилди. Аялдардын кийинүүсү боюнча да айтылып, коомдук жайларда жүзүн жашырып жүргөн учурда аларга карата айып пул салына тургандыгы айтылды.

Аталган жыйынга Кара-Суу районунун акими Канат Табалдиев, Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, укук коргоо органдары, жергиликтүү тургундар жана райондогу жалпы имамдар катышты.