Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Элдияр ажы Көбөнов Ысык-Көл облусунун борбордук мечитинде жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, тафсир илими боюнча баяндама жасады.
Элдияр ажы өзгөчө “Фатиха” сүрөөсүнүн тафсирин кеңири түшүндүрүп, ар бир аяттагы терең маанилерди чечмелеп берди.
«Фатиха сүрөсү Курандын ачкычы. Ал Курандын буйруктарын, өкүмдөрүн жана максаттарын өзүнө камтып турат. Сүрөнүн «Уммул-Китаб», «ас-Сабъул-Масаании», «аль-Асаас», «аль-Ваафия», «аль-Канз», «аш-Шифаа», «аш-Шукр» жана «ас-Салаат» деген аталыштары бар. Фатиха сүрөсүнүн дагы бир касиети – теңдешкис дуба», – деди диний аалым өз лекциясында.