Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Регионы | 12.03.2025
  • |

Караколдо дин кызматкерлерине багытталган түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы имамдар үчүн жаңы фатва жана мыйзамдарды элге туура жеткирүү максатында түшүндүрүү жыйыны өткөрүлдү.

Жыйынга Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Ысык-Көл облусундагы өкүлү Асылбек Мамбетов, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын башчысы, милициянын полковниги Нурлан Килебаев, ошондой эле Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев катышты.

Жыйында жаңы чыккан фатвалар жана мыйзамдар тууралуу кеңири маалымат берилип, аларды элге кандай туура жеткирүү керектиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чаранын негизги максаты – коомдук ынтымакты, укуктук сабаттуулукту жана дин кызматкерлеринин жоопкерчилигин жогорулатуу болуп эсептелет.