Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Регионы | 06.08.2025
  • |

Караколдо Куран жарышы өтүп, мыкты карылар аныкталды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында облустук казыят тарабынан уюштурулган 30 парадан толук Куран жаттоо боюнча облустук деңгээлдеги Куран жарышы болуп өттү.

Бул таймашта облус аймагынан тандалып алынган карылар Куран окуудагы билимдерин, тажрыйбаларын жана жаттоодогу тактыгын көрсөтүштү. Калыстар курамы катышуучулардын тажвид эрежелерин кармануусун, үнүнүн кооздугун жана жаттоодогу тактыгын эске алуу менен баа беришти.

Жыйынтыгында, эң жогорку көрсөткүчтөргө ээ болгон эки каары жеңүүчү деп табылып, Ысык-Көл облусунун атынан республикалык деңгээлдеги таймашка катышуу укугуна ээ болушту:

1.  Абдулвасит кары Шарбай уулу — 1-орун,

2. Мехробшо кары Лолаев — 2-орун.

Ысык-Көл облусунун казысы Бакыт ажы Кайкиев жеңүүчүлөрдү куттуктап, өз каалоо-тилегин билдирди:

«Куран – адамзатты нурга жетелеген Аллахтын сөзү. Аны жаттап, жүрөгүнө салып, өзгөлөргө да жеткиргендер — Аллахтын эң улуу сыйлыгына татыктуу пенделер. Жеңүүчүлөрүбүзгө бекем ыйман, ийгилик жана республикалык таймашта да облус намысын татыктуу коргоп келүүлөрүн каалайм», — деди.

Бул Куран жарышы облус ичиндеги жаш карыларды шыктандырып, Куран жаттоого болгон кызыгууларын арттырган маанилүү иш-чара болуп калды.