Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Регионы | 13.09.2025
  • |

Кичи-Жаргылчак айылынын жаштары имамга автоунаа белек кылышты

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кичи-Жаргылчак айылынын 1993-жылкы жаштары айылдын имамы Алтынбек Сагынбаевдин жооптуу кызматта талыкпай эмгектенип келе жатканын жогору баалап, ага автоунаа белек кылышты. Бул саамалыкты айылдын жаштары демилгелеп, жалпы жамаат да колдоого алды.

Белек тапшыруу иш-чарасы айыл жаштарынын ынтымагын жана имамга болгон сый-урматын айгинеледи.

Ысык-Көл облусунун казысы Бакыт ажы Кайкиев өз сөзүндө:

«Имамдардын кадыр-баркы бааланып, жаштар мечитке каттап, ыйман жолуна түшүп жаткандыгы кубанычтуу көрүнүш. Имам кадырланса, ошол жерге ыйман орногонунун белгиси», – деп кубанычын билдирди.

Бул иш-чара айыл жаштарынын имамга болгон урмат-сыйын көрсөтүү менен бирге, жалпы коомдо ыймандуулукка жана жакшылыкка үндөгөн үлгүлүү кадам катары бааланды.