Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Коңур-Өлөң айылынын тургундары, өзгөчө жаштары айылда 30 жылдан бери тынымсыз эмгектенип келген имам Жылкайдар Койчумановго ыраазычылык иретинде унаа белек кылышты.
Айылда чоң урмат-сыйга ээ болгон Жылкайдар имам көп жылдар бою жамаатты ынтымакка чакырып, диний агартуу иштеринде талыкпай эмгектенип келген. Анын эмгегин баалаган жергиликтүү тургундар жана жаштар өз ара демилге көтөрүп, белек катары унаа алып берип, салтанаттуу түрдө тапшырышты.
Белек тапшыруу аземи учурунда айыл эли жана аксакалдар ыраазычылык билдирип, имамга ден соолук, узак өмүр жана дагы көптөгөн жакшы иштердин уланышын каалашты.
Бул саамалык диний кызматкерлерге карата урмат-сыйдын жана баалоонун ачык белгиси болуп, башка айылдарга да өрнөк боло турчу көрүнүш катары кабыл алынганын аймактык казыяттан билдиришти.