Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Берекелүү Рамазан айынын урматына Ысык-Ата районунун Красная Речка айылында муктаж 110 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды. Бул кайрымдуулук иш-чарасы Ысык-Ата районунун хатибияты жана атайын демөөрчүлөрдүн көмөгү менен уюштурулуп, жергиликтүү тургундарга азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтүлдү.
Иш-чаранын максаты – социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо жана алардын жашоо шартын жеңилдетүү болуп саналат. Жергиликтүү тургундар жана уюштуруучулар демөөрчүлөргө терең ыраазычылыктарын билдиришип, аларга ийгиликтерди каалашты.