«Акыйкатта, кыйынчылыктын артынан жеңилдик келет. Аныгында, кыйынчылыкты улай жеңилдик келет» (Инширах, 5-6.)
Регионы | 23.01.2026
  • |

Квалификацияны жогорулатуу: Жети-Өгүздө имамдар үчүн 10 күндүк семинар уюштурулду

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы «Каныбек ажы» атындагы медреседе имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу максатында 10 күндүк окуу курсу уюштурулду. Аталган окуу курсу КМДБнын тапшырмасы, мекеменин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен өткөрүлдү.

Окуу курсунун жүрүшүндө имамдарга Ханафи мазхабы жана Матуриди акыйдасынын усулдары, негиздери жана багыттары боюнча сабактар окутулду. Мындан сырткары, Куранды туура окуу жана тажвид эрежелерин так сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында 13 имам окуу курсун ийгиликтүү аяктап, пайдалуу диний илимдерге ээ болушту.

Окуу соңунда Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Алмаз ажы Сагындыков катышуучуларга сертификаттарды тапшырды.

10 күндүк имамдык курс пайдалуу мазмунда, жакшы маанайда өтүп, катышуучулар тарабынан жогору бааланды.

Айта кетсек, КМДБ жетекчисинин 40 кадамдан турган иш-мерчеминде дин кызматкерлеринин квалификациясын көтөрүү камтылган. Учурда аталган пунктка ылайык, жер-жерлерде имамдар үчүн окуу курстары өтүп жатат.