Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Регионы | 14.07.2025
  • |

Кызыл-Кыяда 1000 ден ашуун балага арналган “Мээримдүү бол” аттуу майрамдык иш-чара өттү

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында “Умар ибн Хаттаб” мечитинин имамы Нурсултан ажы Назарбаевдин сунушу жана жамаатынын колдоосу, ошондой эле кайрымдуу жарандардын жардамы менен 1000ден ашуун бала үчүн “Мээримдүү бол” аталышындагы майрамдык иш-чара уюштурулду.

Бул иш-чара Кадамжай районундагы балдар үйүнүн тарбиялануучулары Кызыл-Кыя шаарындагы жана Баткен район, шаарындагы багуусунан эрте ажыраган аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары жана чек ара жаңжалында каза болгон жана жараат алган аскер кызматкерлеринин кичинекей жана өспүрүм балдарын кубантуу максатында өткөрүлдү.

Баткен облусунун мусулмандарынын казысы жана Кызыл-Кыя хатиби алкоого алып, мечиттин имамына жана уюштуруучуларга ыраазылыгын билдирип батасын беришти. 

«Бул кайрымдуулук иш-чаранын негизги максаты – балдарга болгон зордук-зомбулуктун алдын алуу, коомдо боорукерлик менен жардамдашуу түшүнүгүн жайылтуу экенин белгилеп, –Ар бир бала мээримге жана көңүл бурууга татыктуу. Биздин коомдун келечеги – ушул наристелер. Андыктан аларга көңүл буруу, сүйүү жана мээрим тартуулоо – биздин ыйык парзыбыз. Бул сыяктуу иш-чаралар аркылуу биз коомду кайдыгерликтен алыстатып, биримдикке жана боорукерликке үндөйбүз”, – деп белгиледи Нуридин ажы Мамасабиров.

Майрамдык иш-чарада балдар үчүн оюн-зооктор уюштурулуп, түрдүү атракцион, таттуулар жана тамактар таратылды. Иш-чарага келген ар бир бала өзүн өзгөчө сезип, ар бирине өзгөчө көңүл бурулду.

Демөөрчүлөр катары “Умар ибн Хаттаб” мечитинин жамааты чыгымдарды өз мойнуна алышып, уюштурууга активдүү катышты. Мечиттин жамааты мындай кайрымдуулук иштерин былтыркы жылы баштаган, эми жыл сайын салттуу түрдө токтотпостон өткөрүү ниетин билдиришти.

“Бул дүйнөдө кичинекей жүрөктөрдү кубантуу – эң сооптуу иштердин бири. Биз дайыма муктаждарга жардам берип турууну парз деп билебиз. Балдардын жылмайганы – биздин сыймыгыбыз. Мечит жамаатына жана колдоо көрсөткөндөрдөн Аллахым ыраазы болсун”, – деди “Умар ибн Хаттаб” мечитинин имамы Нурсултан ажы Назарбаев.

Мындай саамалыктар Кызыл-Кыя шаарында гана эмес, Баткен облусунун башка аймактарында да кайрымдуулукка болгон көңүл артып жатканын көрсөтүп турат. Бул көрүнүш Кыргызстанда диний уюмдардын социалдык багыттагы иш-аракеттери өнүгүп жатканын жана коомду жакшы нукка багыттоо максатын көздөйт.