Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “Нике — менин сүннөтүм. Ким менин сүннөтүмдөн жүз үйрүсө, менден эмес” (Бухари, Муслим)
Регионы | 13.12.2025
  • |

Кызыл-Суу айылынын тургундары имамга унаа белек кылышты

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылынын тургундары айыл имамы Максатбек Байтиковго Stepwgn үлгүсүндөгү унаа белек кылышты.

Бул демилге имамдын көп жылдык талыкпас эмгегин, эл үчүн кылган кызматын жогору баалоо катары ишке ашты. Айыл тургундары Кызыл-Суу айылынын имамы Максатбек Байтиковдун ак эмгегин сыйлап, унаа белек кылуу чечимин кабыл алышкан.

Өз кезегинде имам Максатбек Байтиков айыл элине терең ыраазычылыгын билдирип, ыракматын айтты.

Бул тууралуу Жети-Өгүз районунун баш имам хатиби Талантбек ажы Акылбек уулу маалымдап, жергиликтүү тургундардын имамдарды сыйлаганы өтө жакшы көрүнүш экенин билдирди.