"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Регионы | 10.04.2026
  • |

Манас районунда «Улут наркы – эл баркы» аттуу жыйын өттү

Азирети Муфтийдин Талас облусундагы өкүлү Нийматилла ажы Топчиев Манас районуна болгон иш сапарынын алкагында Манас райондук мамлекеттик администрациясында «Улут наркы – эл баркы» аталышындагы мазмундуу жыйынга катышты. Аталган жыйынга Манас районунун администрация башчысы – аким Бактыбек Суюнбаев, Манас районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу Миржалал Дадабаев, имамдар жана жергиликтүү тургундар катышты. 

Жыйындын жүрүшүндө Нийматилла ажы Топчиев сөз сүйлөп, Азирети Муфтий тарабынан коомдогу диний маданиятты өркүндөтүү багытталган 40 кадамдан турган 5 жылдык стратегиялык иш-пландын алкагында жер-жерлерде эл менен жолугушуулар уюштурулуп жатканын белгиледи. 

Ошондой эле ал бул саамалыктын негизги максаты – салттуу ислам дини менен кошо коомго кыргыз элинин нукура баалуулуктарын, бай маданиятын, каада-салттарын, үрп-адаттарын, накыл кептерин жана кылымдардан бери мурасталып келе жаткан көөнөрбөс нарк-насилдерин кеңири таанытуу экенин баса белгиледи. 

Өз кезегинде Манас районунун акими Бактыбек Суюнбаев улуттук баалуулуктарды коомго туура жана так жеткирүүдө жалпы коомчулуктун, анын ичинде дин кызматкерлеринин ролу өтө маанилүү экенин белгилеп, бул багытта биргелешип иш алып баруу зарылдыгын билдирди. 

Мындан сырткары, аталган багыттагы иштерди күчөтүү аркылуу улуттук маданиятыбызды жалпы жарандар арасында, өзгөчө жаш муундун арасында жайылтуу зарылдыгы айтылып, бул багытта биргелешкен аракеттерди улантуу керектигин белгилешти.