«Орозо кармоочунун оозунан чыккан жагымсыз жыт, Аллах Тааланын астында жыпар жыттуу атырдан да жагымдуу болот. Кыямат күнү ага эсепсиз сооптор берилет» (хадис).
Регионы | 25.02.2026
  • |

Муратали кары Мамадияр уулу Лейлек районунун дин кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү

Кечээ, 24-февраль күнү Раззаков шаарында дин кызматкерлери багытталган жыйын уюштурулуп, ага Азирети Муфтийдин Баткен облусундагы өкүлү Муратали кары Мамадияр уулу баштаган өкүлчүлүк кызматкерлери, Лейлек районунун хатибияты, Улуттук агенттиктин облустагы өкүлү, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана район аймагындагы имамдар катышты.

Жыйында бир катар маанилүү маселелер талкууланды. Анын ичинде Муфтият тарабынан берилген буйрук жана тапшырмаларды аткаруу, салттуу ислам баалуулуктарын пропагандалоо жана аны туура кармануу маселелери көтөрүлдү. Ошондой эле ыйык Рамазан айында таравих намаздарын үзгүлтүксүз өткөрүүнү камсыз кылуу тапшырмалары берилди.

Жолугушуунун соңунда дин кызматкерлерин биримдикте иш алып барууга чакырып, элге туура дин жеткирүү жана түшүндүрүүнү улантыла берилери белгиленди.