Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Нарын казыяты тарабынан уюштурулган “Ынтымак” оюну Жумгал районунда болуп өттү. Бул иш-чарага облустагы бардык хатибияттар тарабынан түзүлгөн командалар катышып, жалпы алты команда спорттун футбол жана аркан тартыш түрлөрү боюнча күч сынашты.
Алгач оюндун ачылыш аземи өткөрүлүп, анда Нарын облусунун казысы Эрик Молдокулов бардык командаларды куттуктап, Жумгал районуна бир топ жыл имамчылык кылган, учурда ардактуу эс алууда жүргөн ак сакал имамдарга терең ыраазычылык билдирди. Ошону менен катар, алдыдагы оюндарда “Ынтымак” оюнун маданияттуу жана үлгүлүү өткөрүүгө чакырды.
Оюндардын алкагында эң алгач футбол боюнча жарыш башталып, анда төмөнкү жыйынтыктар чыгарылды:
• 1-орун – Нарын казыяты,
• 2-орун – Кочкор хатибияты,
• 3-орун – Ат-Башы хатибияты.
Аркан тартыш боюнча жыйынтык төмөнкүдөй болду:
• 1-орун – Нарын хатибияты,
• 2-орун – Ат-Башы хатибияты,
• 3-орун – Ак-Талаа хатибияты.
Соңунда уюштуруучулар тарабынан сый дасторкону жайылып, оюнда мыкты оюн көрсөткөн катышуучуларга жана жеңүүчү командаларга кубок, дипломдор, медалдар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Иш-чаранын жыйынтыгында облус казысы жана райондун баш имам-хатибдери уюштуруучу Жумгал хатибиятына терең ыраазычылыктарын билдиришти.
Кийинки кезектеги турнирди өткөрүү укугу Нарын райондук хатибиятына тапшырылды.