Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Үстүбүздөгү жылдын 20-сентябрында Нарын облустук хатибияты тарабынан маркум Орозобек Жунушовдун жаркын элесине арналган салттуу ынтымак оюну уюштурулду. Иш-чарага облус аймагындагы бардык хатибияттардын имамдары катышып, спорттун кичи футбол жана аркан тартуу түрлөрүнөн күч сынашты.
Иш-чара облустук казы Эрик Модокуловдун жана маркумдун уул-кыздарынын катышуусу менен ачылып, маркумдун элесине Куран окулуп багышталды. Андан соң спорттук мелдештерге старт берилди.
Кызыктуу өткөн футбол боюнча жыйынтык төмөнкүдөй болду:
• 1-орун – Кочкор хатибияты;
• 2-орун – Нарын облустук казыят;
• 3-орун – Ак-Талаа хатибияты.
Ал эми аркан тартуу мелдешинин жыйынтыгы:
• 1-орун – Жумгал хатибияты;
• 2-орун – Нарын хатибияты;
• 3-орун – Ак-Талаа хатибияты.
Жеңүүчүлөргө жана мыкты оюн көрсөткөн командаларга кубок, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле маркумдун үй-бүлөсү да жеңүүчүлөргө өздөрүнүн атайын сыйлыктарын ыйгарып, атасы менен кесиптеш болгон баардык имамдарга терең ыраазычылыгын билдирип өтүштү.
Бул иш-чара Нарын облусунун имамдарынын ынтымагын бекемдөө менен бирге, маркум Орозобек Жунушовдун элесин урматтоо иретинде Нарын райондук жана шаардык хатибияттары тарабынан өткөрүлдү.