Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Регионы | 03.09.2025
  • |

Нематулла ажы Жээнбеков: «Имамдар шам баянын үзгүлтүксүз өткөрүп, жамаатка руханий азык бериши зарыл»

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков Ноокен районуна иш-сапар менен барып, имамдар менен жолугушуу өткөрдү.

Жыйын учурунда облус казысы имамдардын жамаат алдындагы жоопкерчилиги, илим алуунун пазилети, акыйда, фикх жана тасаввуф илимдеринин мааниси тууралуу кеңири баяндап, имамдарды тынымсыз илим алууга жана аны амал менен бекемдөөгө чакырды.

Ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан берилген тапшырмаларга жоопкерчилик менен мамиле кылуунун маанисин белгиледи.

Облус казысы КМДБ тарабынан келген тапшырмага ылайык имамдар шам баянын үзгүлтүксүз өткөрүп турууга милдеттүү экенин эскертип: «Урматтуу имамдар! Шам баяны – жамааттын руханий азыгы. Аны үзгүлтүксүз өткөрүп, элге диний тарбия берүүнү унутпайлы», – деди.

Ал ошондой эле шам баяндын жамааттын ынтымагын бекемдөөгө, жаштардын тарбиясына жана коомдо адеп-ахлактык баалуулуктарды жайылтууга чоң салым кошорун баса белгиледи.