Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Н. Кайсарбаевди жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын облус аймагындагы өкүлү Т. Ахмедованы кабыл алды.
Жолугушууда дин жана мамлекеттик тил тармагындагы биргелешкен иш-аракеттер боюнча бир катар маселелер талкууланды.
Атап айтканда, облустагы диний мекемелерде «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Конституциялык Мыйзамынын талаптарын аткаруу, диний объектилерге мониторинг жүргүзүү жана мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү маселелери көтөрүлдү. Ошондой эле дин кызматкерлеринин билим деңгээлин жогорулатууга багытталган окутууларды уюштуруу зарылдыгы белгиленди.
Мындан сырткары, коомчулук арасында мамлекеттик тилдин маңызын арттыруу, диний аталыштарды мыйзамсыз ыйгарууну алдын алуу жана анын укуктук жоопкерчилиги тууралуу түшүндүрүү иштерин пландуу негизде өткөрүү боюнча да макулдашылды.
Облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков мындай жолугушуулар кызматташтыкты бекемдеп, мыйзамдуулукту жана тил саясатын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналарын белгилеп, катышуучуларга ыраазычылык билдирди.