Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Регионы | 08.08.2025
  • |

Ниязалы Айтматов Кара-Көл шаарынын баш имам-хатиби болуп дайындалды

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын баш имам-хатиби болуп Айтматов Ниязалы Орозалиевич дайындалды. Тийиштүү буйрукка Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков кол койду. Буга чейин Кара-Көл шаарынын баш имам-хатиби кызматын аркалап келген Бакытбек ажы Тагаев Жалал-Абад шаарындагы «Билал» жума мечитинин имам-хатиби болуп дайындалды.

Ниязалы Айтматов 1991-жылдын 10-июлунда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кызыл-Капчыгай айылында төрөлгөн. Ал ОшМУнун теология факультетин жана Египеттеги аль-Азхар университетинин шарият факультетин аяктаган. Эмгек жолун Жалал-Абад шаарындагы «Каныбек ажы» мечитинин имамы болуп иштөөдөн баштаган.

Жаңы дайындалган баш имам-хатибди жамаатка бүгүн, 8-августта облус казысынын орун басары Арпидин ажы Жороев тааныштырды. Ал өз сөзүндө буга чейин бул кызматты аркалаган Бакытбек ажыга жергиликтүү жамааттын атынан ыраазычылык билдирип, Ниязалы Айтматовдун алдыдагы жоопкерчиликтүү иштерине ийгиликтерди каалады. Иш-чара соңунда жамаат жаңы баш имамга ак батасын берди.