Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров хатибияттын жылдык иш планынын негизинде райондогу жалпы айыл өкмөттөрдү кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрдү.
Бекназар ажы Жапаров Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы менен макулдашуу аркылуу түзүлгөн графиктин негизгинде үстүбүздөгү жылдын 24-июндан баштап, 7-августка чейин айыл өкмөттөрдө эл менен жолугушуу иш-чараларын уюштурду.
Райондогу ар бир айыл өкмөттө өткөрүлгөн жолугушуу иш-чарасына Бекназар ажы Жапаров менен биргеликте Ноокат районундагы 13 айыл өкмөт жана бир шаардын жооптуу имам-хатиби да катышты. Ошондой эле жергиликтүү тургундардан айыл өкмөт башчысы, айыл башчылар, билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин кызматкерлери, аксакалдар жана жаш активисттердин катышуусу камсыз кылынды.
Жолугушууда төмөнкү маселелер боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү:
- Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү мыйзам;
- Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, ажырашуулар жана нике маселелериндеги түшүнбөстүктөрдүн алдын алуу;
- Жаштардын таалим-тарбиясына көңүл буруу жана туура эмес агымдарга кирип кетпеши үчүн туура багыт көрсөтүү;
- Дин кызматкерлери менен жергиликтүү өкүлдөрү тыгыз байланышта болуп, кызматташтыкты чыңдоо.