Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Үстүбүздөгү жылдын 17-18-май күндөрү Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы жалпы имамдар арасында дин аалымы маркум Маматкасым ажы Турдубаевдин жаркын элесине арналган спорттук мелдеш өткөрүлдү.
Мелдеш спорттун футбол жана волейбол түрүнөн болуп, анда имамдар район боюнча айыл өкмөттөргө карап команда болушту. Ноокат районунда 13 айыл өкмөт жана бир шаар болгондуктан, жалпы 14 команда спорттук мелдешке катышты.
Мелдештин жыйынтыгында төмөнкү командалар жеңүүчү деп табылып, 1-орунга 10 миң сом, 2-орун 6 миң, 3-орунга 4 миң сом берилсе, 4-орунга 3 миң сом акчалай сыйлыктар тапшырылды. Алар:
Волейбол боюнча:
1.Кыргыз-Ата а/ө
2.Кара-Таш а/ө
3.Кеңеш а/ө
4.Көк-Бел а/ө
Футбол боюнча:
1.Мирмахмудов а/ө
2.Гулистан а/ө
3.Ноокат шаары
4.Кыргыз-Ата а/ө
"Бул иш-чара достук мелдеши болуп, имамдар арасында ынтымакты бекемдөөгө арналат. Ошондой эле, ден-соолукка кам көрүү да болуп саналат. Жалпысынан мелдештин байге фонду 50 миң сомду түзүп, футбол жана волейбол түрүнөн алгачкы 1-2-3-4-орунду ээлегендерге жана кошумча 3 имамга Ардак грамота менен акчалай сыйлыктар тапшырылды"- деди баш имам-хатиб Бекназар ажы Жапаров.
Эскерте кетсек, спорттук мелдеш Ош облусунун аймагындагы жалпы райондордун иш планына киргизилген. Жыл аягында райондордон тандалып алынган мыкты командалар казыят тарабынан өткөрүлүүчү финалдык турга катышат.
Айта кетсек, маркум Маматкасым ажы Турдубаев көп жыл Ноокат районунда баш имам-хатибдик кызматын аркалап, райондо элге дин жеткирүү иштеринде зор салымын кошкон.