«Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү тозок отунан сактагыла» (Тахрим сүрөсү, 6-аят)
Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу Бекназар ажы Жапаров хатибияттын демилгеси менен муктаж үй-бүлөлөргө жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн ооз ачар өткөрдүлгөндүгүн билдирди.
Аталган иш-чарага муктаж жана мүмкүнчүлүгү чектелген 170 адам катышып, алардын арасындагы жаш балдар үчүн атайын оюн-зооктор уюштурулуп, рамазандык маанай тартууланды.
Иш-чарага келгендер үчүн ишкерлердин колдоосу менен кийим-кечелер да таратылды. Ошондой эле, ар бир адамга жол чыгымдары ж.б. керектөөсү үчүн акчалай жардам да тапшырылды.
"Хатибияттын кайрымдуулук демилгесин эл колдоого алып, Имамидин дамланын уюштуруусунда ишке ашырылып жатат. Кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүүдө салым кошкон ар бир инсандан Аллахым ыраазы болуп, жакшылыктары менен сыйласын. Бул жөрөлгө 2-3 жылдан бери уланып келет. Буйруса кудайдын колдоосу, элибиздин берешендиги аркылуу үзгүлтүксүз уланат деп ишенебиз", – деди Бекназар ажы Жапаров.
Айта кетсек, аталган кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүүдө 200 миң сомдун тегерегинде акча каражаты сарпталды. Аталган каражат хатибияттын алдында ачылган "Кайрымдуу муун" фонду тарабынан чогултулган.