Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Эки умра – ортосундагы нерселерге каффарат, ал эми кабыл болгон ажылыктын Бейиштен башка сообу жок» (хадис)
Регионы | 23.12.2025
  • |

Ноокатта жергиликтүү эл имамга умра сапарына жолдомо белек кылышты

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу Бекназар ажы Жапаров "Кыргыз Ата" мечитинин имам-хатиби Мухтарали Туратовго жергиликтүү эл тарабынан умра сапарына жолдомо белек кылынгандыгын билдирди.

"Мухтарали дамлабыздын эмгегин эл баалап, умра сапарына жолдомо белек кылгандыгына баарыбыз кубанып турабыз. Мухтарали дамла 18 жылдан бери имамдык кызматын аркалап, элдин жамандык менен жакшылыгында болуп, диний баалуулуктарды жеткирип келүүдө. Буйруса, алгачкы жолу умра сапарына аттанып жатат", – деди Бекназар ажы Жапаров.