Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Бүгүн, 15-август күнү Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров "Кашкалдак" мечитинин имараты жаңыланып, пайдаланууга берилгендигин билдирди.
Аталган мечит буга чейин мамлекеттик каттоодон өткөн болуп, жума окулуп келген. Жергиликтүү жамааттын көбөйүүсүнөн улам, мечиттин имаратын кеңейтүү керектелгендиктен, Сауд Аравиялык демөөрчүнүн колдоосу менен жаңыланды.
"Бул мечит убагында 250гө жакын адамга ылайыкташкан болуп, жума намазы окулат болчу. Учурда жергиликтүү жамаат көбөйүп, мечиттин имараты кеңейип, сыйымдуулугу 600дөй адамга ылайыкташты. Аталган мечитте талыкпай имамдык милдетти аткарып келе жаткан Убайдулла Абдуллаев дамлага ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле демөөрчүлөрдөн да Аллахым ыраазы болсун", – деди баш имам-хатиб Бекназар ажы Жапаров.
Айта кетсек, аталган мечиттин имаратын жаңылоо үчүн болжолдуу 9 млн. сомго жакын акча каражаты жумшалган.