Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Регионы | 13.08.2025
  • |

Облус казысы Кара-Көл шаарындагы мечиттердин абалы менен жеринде таанышты

Кечээ, 12-август күнү Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематула ажы Жээнбеков Кара-Көл шаарына атайын иш сапары менен барып, шаардагы мечиттердин абалына баа берди. Сапардын жүрүшүндө казы мечиттердин тазалыгын, имамдардын ишмердүүлүгүн жана намаздардын өз мөөнөтүндө өткөрүлүшүн текшерди.

Иш сапардын жыйынтыгында облус казысы мечиттердин ички абалы жакшы экенин белгилеп, бирок тышкы тазалык жана айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү иштери көңүл чордонунда болушу керектигин баса белгиледи.

"Ички тазалык жана тартип жакшы экен, бирок сырткы көрүнүш да урмат-сыйдын белгиси. Ар бир мечит Аллахтын үйү экенин унутпай, айлана-чөйрөсүн да татыктуу кароо зарыл", – деди Нематула ажы Жээнбеков.

Мындан сырткары, облус казысы имамдарга төмөнкү маселелер боюнча так көрсөтмөлөрдү берди:

Беш убак намаздар имам тарабынан өз убагында өткөрүлүшү керек;
Имам болбогон учурда намазга жооптуу адам дайындалышы шарт;
КМДБнын талаптарына ылайык, шам баяндар үзгүлтүксүз өткөрүлүшү керек.

Кошумча маалымат:

Кара-Көл шаарында учурда жалпы 7 мечит иш алып барат. Анын ичинен бирөө жума намаз окулуучу борбордук мечит болуп эсептелет.

Облус казысынын бул сапары диний уюмдардын ишин жакшыртууга, коомчулукта тартипти жана таза диний чөйрөнү калыптандырууга багытталган иш-аракеттердин алкагында өткөрүлдү.