Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Регионы | 11.08.2025
  • |

Ош: «Ибадий» мечитинин курулушу башталды

Бүгүн, 11-август күнү Ош шаарына караштуу «Ибадий» мечити жаңыдан курула баштады. Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев жана орун басары Акжол ажы Бакиров курулуш иштери менен жеринде таанышты.
 
Мечит жамааты жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен пайдубал иштери башталып, казыят тарабынан сапаттуу жана мыйзамдуу курулуш иштери көзөмөлгө алынууда.

Шаар казысы Самидин кары Атабаев жана орун басары Акжол ажы Бакиров жамаатка ыйман, биримдик жана сабыр тилеп, курулуштун жүрүшүнө ийгилик каалашты.

Белгилеп кетүүчү жагдай, мурунку мечит имараты шаар куруу долбооруна (сноско) туш келип, тиешелүү органдардын чечими менен бузулган.