Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Кечээ, 12-август күнү Ош облустук казыят кызматкерлери Абдималик ажы Турсунбеков, Сулайман ажы Шерматов жана Алибек Акпарали уулу болуп, Оштогу "Көзү азиз жана дүлөйлөр" коомдук бирикмесинен кабар алышты.
Аталган коомдук бирикменин төрагасы Жамгырчы Абдыкалыков менен жоолугуп, бирикмеге казыят тарабынан акчалай жардам көрсөтүлдү.
"Оштогу көзү азиздер жана дүлөйлөргө Ош облустук казыяты тарабынан жыл сайын колдон келишинче жардамдар көрсөтүлүп келет. Мүмкүнчүлүккө карап, дагы жардам берип турганга аракет кылабыз. Мусулман бир туугандарыбыз да каралашып, азиз замандаштарыбыз менен түз байланышып, муктаждыктарына көмөк көрсөтүшсө дээр элек", – деди облус казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков.
Ошондой эле, казыяттын бухгалтери Сулайман ажы Шерматов жыл сайын аз камсыз болгон муктаж үй-бүлөлөргө садака-фитр таратууда көзү азиздер жана дүлөйлөр эске алынарын, бу саам 70 миң сом белек кылынганын маалымдады.