Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Регионы | 29.05.2025
  • |

Ош облустук казыятында имамдарга ислам банкинги жана финансылык сабаттуулук боюнча семинар өттү

2025-жылдын 28-май күнү Ош облустук казыятында Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин тапшырмасына ылайык, имамдарга арналган атайын семинар өткөрүлдү.

Иш-чара ААК МБанк Ислам терезеси жана Шарияттык кеңеши менен биргеликте уюштурулуп, семинардын алкагында төмөнкү темалар боюнча маалыматтар берилди:

Ханафий мазхабы жана Матуриди акыйдасын бекемдөө;

Финансылык сабаттуулукту жогорулатуу;

Ислам банкинги жана соода-сатык мамилелери боюнча түшүндүрмөлөр.

Семинардын алкагында МБанк Ислам терезесинин мобилдик тиркемеси тууралуу кеңири маалымат берилди. Банк кызматкерлери жеке катышып, тиркемени колдонуу, онлайн эсеп ачуу жана исламдык каржылоо кызматтарын пайдалануу боюнча атайын практикалык окутуу өткөрүштү.

Иш-чарага Ош облусундагы бардык жума мечиттеринин имамдары катышып, семинар жүрүшүндө суроолорду берип, темалар боюнча активдүү талкуу жүрдү.