Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Регионы | 02.12.2025
  • |

Ош облусунда диний китеп саткан дүкөндөр текшерилүүдө

КМДБнын Ош облусу боюнча өкүлү Султанали ажы Гапуров менен өкүлчүлүктүн үгүт-насаат жана мечиттер адиси Мухаммадсали ажы Рахмидинов диний китеп саткан дүкөндөрдү текшерүүдө.

Мухаммадсали ажы Рахмидинов Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат жана Араван районундагы диний китептерди саткан дүкөндөрдү райондук баш имам-хатибдер менен биргеликте карап, анда сатылып жаткан китептердин мазмунун, КМДБ тарабынан берилген уруксатын жана тыюу салынган экстремисттик адабият эместигин текшерип жатат.

"Облус аймагындагы диний китеп саткан дүкөндөрдү кыдырууда экстремисттик адабияттар табылган жок. Бирок кээ бир китептерде техникалык жана котормодогу айрым кемчиликтер аныкталды", – деди Султанали ажы Гапуров.

Айта кетсек, дүкөндөрдө сатылып жаткан диний адабияттарды текшерүү боюнча КМДБ тарабынан тапшырма берилип, өлкө боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат.