Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Регионы | 31.10.2025
  • |

Ош облусунда диний кызматкерлерге жалпы жыйын өткөрүлдү

Ош облустук казыятынын жыйындар залында райондук баш имам-хатибдер жана ДОЖ мүдүрлөрүнө жалпы форматтагы жыйын өткөрүлдү. Жыйын эки этапта өтүп, алгачкы этабында Ош облусунун мусулмандарынын казысы Султанали ажы Гапуров, КР Президентине караштуу дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын терроризм жана диний экстремизмге каршы бөлүмүнүн башчысы жана Ош ОИИБнын ЭММКАКтын жетекчиси, милициянын подполковниги Тойчубек Бекеевдер баштаган укук коргоо кызматкерлери катышып, баяндама жасашты.

Жыйындын жүрүшүндө "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү" мыйзам тууралуу жана шайлоонун үгүт иштерине дин кызматкерлеринин аралашпоосу боюнча баяндамачылар тарабынан толук маалыматтар берилди. Ошондой эле, катышуучулар тарабынан тиешелүү мыйзамдар боюнча бир катар суроолор берилип, ага баяндамачылар жеткиликтүү жооп беришти.

Жыйындын экинчи этабында Ош облусунун мусулмандарынын казысы Султанали ажы Гапуров баштаган казыят кызматкерлери, райондук баш имам-хатибдерге, ДОЖ мүдүрлөрүнө жана диний окуу борборлордун жетекчилерине жыйын өткөрүп, бир катар тапшырмаларды беришти.

Өзгөчө медреселерден имамдык кызматын аткара турган мыкты кадрларды даярдоо, казыят менен тыгыз иш алып баруу, социалдык тармактарды туура колдонуу, жоопкерчилик ж.б. маселелер айтылды.

"Өлкөдөгү мечит-медреселердин 3/1 бөлүгү Ош облусунда жайгашкан. Бизде мечиттерде имамдык кызматка даяр кадрлар боюнча эч кандай маселе болбошу керек. ДОЖ мүдүрлөрү казыят менен тыгыз иштешип, мечиттерге имамдык кызматы үчүн мыкты кадрларды даярдап бериңиздер. Ошондой эле, социалдык тармактарда КМДБ жана казыяттын баракчаларын ар дайым карап, маанилүү жаңылыктарды элге жеткирүүдө активдүү болуңуздар", – деди облус казысы Султанали ажы Гапуров.