«Орозо кармагыла да, (жан дүйнөңөрдү да, ден-соолугуңарды да) чыңдагыла! (Хайсами 3/179)
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти тарабынан Ош облусунун аймагында райондордо каттоодо турган кардарларына диний экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча жыйындар өткөрдү.
Аталган жыйынга райондук баш имам-хатибдер жана жер-жерлердеги пробация бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катышып, өз баяндамаларын жасашты.
Иш-чаранын негизги максаты – мыйзамдуулукту сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, диний-экстремисттик агымдардан оолак болуу жана коомго пайдалуу жаран катары кайта адаптация болуу боюнча түшүндүрмө берүү болуп саналат. Бул иш-чара пробация кардарларын коомго кайра интеграциялоодо жана мыйзам бузууга жол бербөөгө көмөктөшүү максатында уюштурулуп, мындан ары да улантылары белгиленди.
Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 27-октябрь күнү КМДБ менен Пробация департаментинин ортосунда эки тараптуу кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлган.