Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Регионы | 17.10.2025
  • |

Ош облусунун атынан республикалык Куран жарышына баруучулар аныкталды

Кечээ, 16-октябрь күнү Ош облустук казыяты тарабынан уландар арасында Куран жарышы өткөрүлүп, натыйжада республикалык Куран жарышы үчүн Ош облусунун атынан баруучулар аныкталды. 

Мелдештин алдынан Ош облусунун мусулмандарынын казысы Султанали ажы Гапуров катышуучуларга ийгилик каалап, ак батасын берди.

Облус аймагында диний окуу жайлардын студенттери жана ыктыярдуу жаштардын катышуусунда Курандан 5 пара 15 пара жана 30 паралар өткөрүлгөн Куран жарышында Абдусами кары Бекмуратов баштаган калыстар тобунун чечими менен төмөнкү карылар республикалык Куран жарышына жолдомо алышты.

30 пара боюнча жеңүүчүлөр:
1-орун – Кадыркулов Мухаммадамин
2-орун – Хикматжанов Бахаудин 
3-орун – Артыкбаев Мухаммадкадир 

15 пара – боюнча жеңүүчүлөр:
1-орун – Козиев Абдусами
2-орун – Азизов Абдулбаки 
3-орун – Мисирали Бекнияз

5 пара боюнча жеңүүчүлөр:

1-орун – Якубов Абдулбари
2-орун – Мехманов Давудхон
3-орун – Табакалов Мусулманкул

Жогоруда аты аталган жеңүүчүлөр арасынан 1-орунду ээлеген катышуучулар республикалык Куран жарышына катышат. 

Айта кетсек, 27-28-29-октябрь күндөрү Бишкек шаарындагы "Имам Сарахсий" мечитинде республикалык Куран жарышы өткөрүлөт.