Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Эки умра – ортосундагы нерселерге каффарат, ал эми кабыл болгон ажылыктын Бейиштен башка сообу жок» (хадис)
Регионы | 23.12.2025
  • |

Ош шаары жана Ош облусундагы дин кызматкерлеринин ортосунда спорттук мелдеш өттү

Ош шаарында Кыргызстан мусулмандарынын Ош шаарындагы өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен мечит имамдарынын ортосунда спорттук мелдеш болуп өттү. 

Мелдешке Азирети Муфтийдин Ош шаарындагы өкүлүнүн м.а. Самидин кары Атабаев баштаган өкүлчүлүк кызматкерлери, КМДБнын Ош облусундагы өкүлүнүн орун басарынын м.а. Абдумалик ажы Турсунбеков баштаган өкүлчүлүк кызматкерлери жана райондук баш имам-хатибдер баштаган мечит имамдары катышты. 

Мелдеш спорттун волейбол түрүнөн болуп, жеңүүчүлөр кубок, акчалай жана баалуу белектер менен сыйланышты. 

Иш-чаранын жүрүшүндө Самидин кары Атабаев сөз сүйлөп, мелдештин максатына токтолду.

Мындай иш-чаралар мындан ары да уланары айтылып, дин кызматкерлеринин ынтымагын чыңдоодо маанилүү экени баса белгиленди.