Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Регионы | 13.09.2025
  • |

Ош шаарында диний кибер кылмыштардын жана экстремизмдин алдын алуу боюнча жыйын өттү

Ош  шаарына караштуу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн жыйындар залында коомчулук  арасында кибер кылмыштуулук фактыларынын алдын алуу, диний экстремизм жана терреризмге каршы олуттуу күрөш жүргүзүп, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында илимий-профилактикалык жыйын болуп өттү.
 
Иш-чарага ИИМдин башчысынын орун басары Кожобеков баштаган ИИМдин өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, Ош шаардык мусулмандарынын казысынын орун басары Акжол ажы Бакиров, Ош шаарындагы мечит имамдары жана жергиликтүү айыл тургундары катышты.  
 
Жыйында динди жамынган алдамчылар жана социалдык тармактардагы алдамчылык ыкмалары тууралуу, айрыкча өзүн банк кызматкери же орган өкүлү катары тааныштырып жеке банктык эсептик карталарына кол салуулар болуп жатканы айтылып, аталган маселелер боюнча тез арада түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгы баса белгиленди.
 
Ош шаардык мусулмандарынын казысынын орун басары Акжол ажы Бакиров  алдамчылык — ыймандуулукка жат көрүнүш экенин белгилеп, динди туура түшүнүк аркылуу коргоо зарылдыгын белгиледи. Ал ошондой эле дин кызматкерлерине эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди.
 
Жыйын соңунда тиешелүү мекемелер менен биргеликте профилактикалык иштерди улантуу боюнча макулдашуулар болду.