Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Регионы | 16.10.2025
  • |

Ош шаарында Куран жарышы өткөрүлдү

Бүгүн, 16-октябрь күнү Ош шаардык мусулмандарынын казыяты тарабынан «Козу кызы Бурмакан» атындагы окуу борборунун имаратында Куран окуу боюнча тандоо жарышы өткөрүлдү.

Жарыштын негизги максаты — республикалык Куран жарышына катышуучуларды тандоо, ошондой эле жаш хафиздерди жана Куранды жаттаган кыз-келиндерди шыктандыруу болуп саналат.

Иш-чарага Ош шаарынын казысы Самидин кары Атабаев, анын орун басары Акжол ажы Бакиров, ошондой эле тажрыйбалуу карылардан болгон калыстар катышышты.

Жарышка 5, 15 жана 30 параны жаттаган кыз-келиндер катышып, Куранды жатка жана тажвид эрежелерине ылайык окуу боюнча өз чеберчиликтерин көрсөтүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаарынын казысы Самидин кары Атабаев сөз сүйлөп, катышуучуларга Куран жаттоонун сооптуулугу жана Куран менен жашоонун мааниси тууралуу насаат айтты. Ал ошондой эле уюштуруучуларга жана калыстар тобуна ыраазычылык билдирип, катышуучуларга ийгилик каалады.

Жарыштын соңунда калыстар тобуна жана катышуучуларга баалуу белектер жана сертификаттар ыйгарылып, алардын аракетине жана Куранга болгон сүйүүсүнө жогору баа берилди.

Мындай иш-чаралар Куранга болгон сүйүүнү арттырып, жаш муундардын ыйманын бекемдөөгө жана руханий баалуулуктарды жайылтууга өбөлгө түзөт.