«Орозо кармоочунун оозунан чыккан жагымсыз жыт, Аллах Тааланын астында жыпар жыттуу атырдан да жагымдуу болот. Кыямат күнү ага эсепсиз сооптор берилет» (хадис).
Регионы | 08.12.2025
  • |

Ош шаарында маркум Талгатбек Эркинбек уулун эскерүү күнү болду

Ош шаарындагы “Абдурахман ибн Ауф” медресесинде маркум Талгатбек Эркинбек уулун эскерүү күнү болуп өттү. Эскерүү күнүнө Муфтияттын Ош шаарындагы өкүлүнүн милдетин аткаруучусу Самидин кары Атабаев, маркумдун жакын санаалаштары, “Абдурахман ибн Ауф” медресесинин эмгек жамааты жана студенттер катышты.

Иш-чарада Талгатбек Эркинбек уулунун өрнөктүү өмүр таржымалы, дин багытында аткарган иштери, калтырган эмгектери эскерилди. Иш-чара соңунда маркумга багышталып Куран окулуп, дуба кылынды.

Эркинбек уулу Талгатбек ажы 1991-жылдын 6-августунда Ош облусуна караштуу Алай районунда жарык дүйнөгө келген. 
Алгач Ош шаарындагы "Абдурахман ибн Ауф" медресесинде 2008-2010-жылдар аралыгында окуп, диний билимин алып баштаган. Андан соң, Ноокаттагы "Молдо Таабалды ажы" медресесинде бир жылга жакын илим алып, Бишкек шаарындагы Кыргызстан Ислам университетине окууга тапшырган. Университетте окуу менен бирге 2013-жылы студент болсо да, Дордойдогу "Келечек" мечитинде имамдык кызматты аткарган. 

2015-жылы КИУну бүткөн соң, "Амина Ажы" медресесин 2020-жылга чейин жетектеген. 2020-2022-жылдары Свердловский райондук хатибиятында орун басар кызматын аркалаган. Ошону менен бирге 2021-2022-жылдары Бишкек шаардык казыятынын юристи жана 2021-2022-окуу жылында КИУда мугалим болуп да эмгектенген. 

2022-2023-жылдары болсо, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясында иштеген. 
2023-жылы "Ал-Нур травел" компаниясында директор болуп баштап, андан соң Жазира травел компаниясынын Оштогу өкүлү болуп эмгектенип жаткан. Ошону менен бирге, Оштогу "Абдурахман ибн Ауф" медресесинде сабак берүү жана «Жийделик» мечитинде наиб имамдык кызматты аркалап келген.

Диний жаатта мыкты кадрлардын катарын толуктап келе жаткан кыраан жигитибиз тилекке каршы, 2025-жылдын 31-октябрь жума күнү кечинде жол кырсыгынан улам каза тапты. Анын жалпы тааныштарына, досторуна, туугандарына, үй-бүлөсүнө жана тарбиялап чоңойткон ата-энесине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.