Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Регионы | 21.10.2025
  • |

Ош шаарында мырзалар арасында Куран жарышы өткөрүлдү

Ош шаардык мусулмандарынын казыяты тарабынан «Имам ал Бухарий-Алай» атындагы борбордук мечитте Куран жаттоо боюнча аймактык тандоо жарышы өткөрүлдү. Жарыштын негизги максаты — республикалык Куран жарышына катышуучуларды тандоо, ошондой эле жаш хафиздерди жана Куранды жаттаган жаштарды  шыктандыруу болуп саналат.
 
Иш-чарага Ош шаарынын казысынын орун басары  Акжол ажы Бакиров, ошондой эле тажрыйбалуу карылардан болгон калыстар жана Куранды жаттаган карылар катышты.
 
Жарышка 5, 15 жана 30 параны жаттаган уландар катышып, Куранды жатка жана тажвид эрежелерине ылайык окуу боюнча өз чеберчиликтерин көрсөтүштү.
 
Иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаарынын казысы Акжол ажы Бакиров катышуучуларга Куран жаттоонун сооптуулугу жана Куран менен жашоонун мааниси тууралуу насаат кебин айтты. Ал ошондой эле калыстар тобуна ыраазычылык билдирип, катышуучуларга ийгилик каалады.
 
Жарыштын соңунда жеңишке жеткендер 27-28-29-октябрь күндөрү борбор калаада өтүлүүчү Куран жарышына жолдомо алышты.