Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Регионы | 25.10.2025
  • |

Ош шаарында Пайгамбарыбызга (с.а.в) 47 миллиондон ашуун салават айтылды

Бүгүн, 25-октябрь күнү Ош шаардык мусулмандарынын казыятына караштуу «Имам ал Бухарий-Алай» атындагы борбордук мечитте Пайгамбарыбыз Мухаммедге (саллаллоху алейхи васаллам) болгон сүйүүнү жана урматты арттыруу максатында өткөрүлгөн «Саламым сага болсун, Пайгамбарым (с.а.в)» аттуу руханий иш-чаранын жыйынтыкталып, жалпы 47 миллиондон ашуун салават айтылды.

Иш-чара Ош шаардык мусулмандарынын казыятынын уюштуруусу, «Адеп башаты» коомдук фондунун көмөктөшүүсү менен уюштурулуп, ага калаадагы жалпы 600дөн ашуун жергиликтүү тургандар катышты. Ага ылайык, бир ай мурун калаадагы жалпы мечиттерде салават айтуу боюнча жарыялардын негизинде страт берилип, жеңүүчүлөр аныкталды. 

Ош шаардык мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев салават айтууга катышкан бардык шаар тургундарына ыраазычылыгын билдирип, мындай иш-чаралар элдин жүрөгүндө Пайгамбарыбызга (с.а.в) болгон сүйүүсүн арттыра тургандыгын белгиледи.

«Бүгүнкү ааламдашуу доорунда кимдир бирөө өзүнүн баалуу убактысын натыйжасыз, пайдасыз иштерге коротот. Кимдир бирөө натыйжалуу, пайдалуу иштерге жумшап жатат. Пайгамбарыбыз (с.а.в) өзүнүн куттуу хадисинде “Кимде-ким мага 1 жолу салават айтса, 10 сооп жазылат, 10 күнөө кечирилет жана 10 даража көтөрүлөт” деп айткан. Пайгамбарыбызга 47 миллиондон ашуун салават айтылганы, Ага болгон сүйүүбүздүн, бекем ыйманыбыздын чоң белгиси. Бул берекелүү иш-чара Пайгамбарыбызга (с.а.в) болгон сүйүүнү күчөтүп, ыймандуу жашоого үндөгөн, коомчулукту биримдикке жана руханий тазалыкка чакырган маанилүү саамалык катары бааласак туура болот», – деди шаар казысы Самидин кары Атабаев.

Иш-чара соңунда эң көп салават айткан 20 катышуучу демөөрчүлөр тарабынан берилген белек-бекчелер жана грамоталар менен сыйланды.