«Ким Аллахтан корксо жана сабыр кылса, албетте Аллах жакшы иштерди жасагандардын эмгегин текке кетирбейт» (Юсуф, 90).
Ош шаарында 3 күнгө созулган азанчылар үчүн атайын окутуу семинары жыйынтыкталды. Бул иш-чаранын алкагында шаардагы жума окулган мечиттерде кызмат кылган азанчылар азан айтуунун эрежелери, тажвид илими, үн маданияты жана дин кызматкерлеринин этикасы боюнча терең билим алышты.
Семинардын соңунда катышуучулар практикалык сынактан өтүп, азандын мааниси боюнча өздөрүнүн жөндөмдөрүн көрсөтүштү.
Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучуларга атайын сертификаттар тапшырылды.
Ош шаардык мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев азанчыларды окутуу учурдун талабы экенин баса белгилеп, азан — Исламдын символу экенин жана аны таза ниет, так билим менен айтуу зарылдыгын эскертип өттү.